А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Т » Тата Улан

Текст песни Тата Улан - Байрак

Көк асманга желбиреген,
Кыргыз кызыл асаба.
Көкүрөктү эзип ийчү,
Ал тарыхты сураба.
Манас бабаң жол узаса,
Көк асаба кыргыздар.
Нечендери канын төктү,
Күбө болду жылдыздар.
Эркиндикти элге жайган,
Манас атаң унутпа.
Угутубуз күчтүү болсун,
Желек түшпөй колунда.
Жүрөк менен бирге соксун,
Кызыл кыргыз асаба.
Касиеттүү дем толтургун,
Улуу кыргыз калкыңа.

Кайырма:
Кыргыз кызыл байрак,
Жүрөгүмдү кайрап.
Желбиресин бийиктикте,
Кызыл түндүк жайнап.
Кыргыз кызыл байрак,
Жүрөгүмдү кайрап.
Алтын күндүн кырк нуру тең,
Шамал ойноп кайнап.

Оо, күчтү кайдан алдың?
Бийик тоолуу кымыздан.
Бышыктыгың кантип бышты?
Эт сугундуң казандан.
Айкөл болгун баатыр жүрөк,
Мактанам деп чиренбей.
Акыл болсун чечим кылган,
Жаман сөзгө илинбей.
Өз ишиңден тайманба,
Эр жүрөктүк каныңда.
Жеңиштерге жетем десең,
Жеңиш кыргыз атыңда.
Манас ханың алдыңда,
Бээжин алган алында.
Ойду түзөп жетем десең,
Жетип алчу каныңда.

Кайырма:

Оо, кыргызым, кандай элсиң?
Оо, кыргызым, барсыңбы?
Түбөлүккө бириктиргин,
Калпак кийген башыңды.
Биримдикке келалбасаң,
Кудай жаза салбайбы.
Өз тилиңде сүйлөбөсөң,
Унутулуп калбайбы.
Эки канат кыргыз элим,
Ак шумкар куштай.
Берекелүү кыргыз жерим,
Нур жарган куттай.
Эки күндүн ысыгында
Өсүп келет келечек,
Жакшылыкка дуба кылгын,
Алла буйруп берсин деп.

Кайырма:

Алга, балдар, кырааттуу жандар,
Далга чаппас зооттуу хандар.
Алга, балдар, кууратты байлар,
Мекенин сатып качкандар.
Кармашкан колуң бекемден,
Байрак көтөрүп жеңгендер.
Кудайдан коркуп билгендер,
Кепин чөнтөксүз дегендер.

Кайырма:

Категория: Тата Улан | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 458 | Теги: Тата Улан | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: