А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Т » Темир Назаров

Текст песни Темир Назаров "Агын суу"

Агын суу турса чалчыктап,
Ак шумкар келип кончу эмес.
Аз айланып мен жүрөм,
Анчалык катуу болчу эмес.

Көк суу турса чалчыктап,
Көк шумкар келип кончу эмес.
Көп айланып мен жүрөм,
Көп эле катуу болчу эмес.

Көзүң бир бышкан алчадай,
Көргөндө жүрөк чарчады ай.
Көңүлүң болсо айтсаңчы,
Өйдө-төмөн калчабай.

Түн ичинде уйкум жок,
Күндүз бир койчу тынчым жок.
Карымын дейсиң жаш туруп,
Кандай жансың курчуң жок.

Категория: Темир Назаров | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 361 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: