А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Т » Токтобек Асаналиев

Текст песни Токтобек Асаналиев "Сымбатың"

Сымбатым жашыл жаздын көркөмүндөй,
Сулуусуң Болоттун Ак-Мөөрүндөй.
Суйкайып жүрөгүмдү жараладың,
Суктантып Барпы акындын Мөлмөлүндөй.

А бирок, Алымкандай Токтогулдун,
Тагдыр деп, башкага жар болбогунуң.
Ээрчишип кете бербе бөлөк менен,
Туруксуз Чолпонундай Жолболдунун.

Камыгып ичке сырын жашыра албай,
Топко айткан ак сүйүүсүн зарлай-зарлай.
Тагдыры татаал күнгө туш келсе да,
Сүйүүгө туруктуу бол Бегимайдай.

Жадырап жазда толуп чыккан айдай,
Жашайбыз көргөн жандар суктангандай.
Сүйүшкөн бизден кийин далай жаштар,
Мисалдап экөөбүздү ыр жазгандай.

Категория: Токтобек Асаналиев | Добавил: Админ (19.02.2018)
Просмотров: 528 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: