А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Т » Токтобек Асаналиев

Текст песни Токтобек Асаналиев "Жүрөгүмдө орун бирөө"

Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө,
Таалайга жазган болсо шорум бирөө.
Кадалып карегимден кетпей койдуң,
Кантейин, жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө?

Ак жибек сага жайган торум бирөө,
Адашып сенден калсам шорум бирөө.
Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.

Өмүрдү өргө тартсам жолум бирөө,
Өчүрсө күйгөн отту шорум бирөө.
Берилип башка адамды сүйө албадым,
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.

Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө...

Категория: Токтобек Асаналиев | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 380 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: