А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » У » Урмат Усенов

Текст песни Урмат Усенов "Сенсиз"

Кайырма:
Асылым айдагы,
Күмүшүм күндөгү,
Кумардын күбөсү,
Жылдызым түндөгү.

Сүйгөн жокмун көздүн сулуусун,
Күткөн жокмун сөздүн жылуусун.
Бакытымды байлап бергенмин,
Махабаттын тандап улуусун.

Мезгил өтөр, күндөп, ай өтөр,
Менде дагы сүйүү гүлү өсөр.
Кимде күнөө талдап биле албайм,
Кирсиз сезим жана албай өчөр.

Дартсыз жүргөн даалай тынч жаным,
Дармек издейт сизди кызганып.
Бакытымдын багы гүлдөгөн
Жыпарыңдан чиркин жыттанып

Кайырма:

Табылганым таптым сезилет,
Тармал чачың сылай эзилем.
Талаайымдын таңын атырган,
Таң сулуусу сенсиң керилген.

Илебиңе күйдүм алсызмын,
Илдет чапты сенсиз жалгызмын.
Тандап алган жүрөк бутасы,
Түгөйүмүн сиздей жалгыздын.

Дартсыз жүргөн даалай тынч жаным
Дармек издейт сизди кызганып.
Бакытымдын багы гүлдөгөн
Жыпарыңдан чиркин, жыттанып

Кайырма:

Категория: Урмат Усенов | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 654 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: