А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Ы » Ынак Осмоналиев

Текст песни Ынак Осмоналиев "Гүлдөр"

Гүлдөр уктайт шүүдүрүмдү жамынып,
Түндөр уктайт чолпон жылдыз тагынып.
Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып,
Мен уктабайм түндө сени сагынып.

Мен таарынам, бирок мага таарынба,
Мен сагынам, жаным, мени сагынба.
Сезимдердин сересине чыгарда,
Сен кабылба мен кабылган тагдырга.

Окубачы ыйлап жазган катымды,
Сен көрбөчү көздөн аккан жашымды.
Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым?
Карагаттай көздөрүңдү сагындым.

Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып,
Мен уктабайм түндө сени сагынып.

Категория: Ынак Осмоналиев | Добавил: Админ (27.01.2018)
Просмотров: 697 | Теги: Ынак Осмоналиев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: