А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Ы » Ынак Осмоналиев

Текст песни Ынак Осмоналиев "Жеңе"

Жумушум бардай байкеде эле,
Үйүңө барам атайын эле.
Ийилип сунган чайыңды унутуп,
Суктанып кечке караймын неге?
Караймын неге, караймын неге?
Карегим сизге кадалат жеңе.

Ак сүйүү болсо кечиктим беле,
Армандуу ишке кезиктим беле?
Жылмайып мени карап койсоңуз,
Сезиле берет сүйгөндөй эле.
Сүйгөндөй эле, сүйгөндөй эле,
Сиз мени сүйүп жүргөндөй жеңе.

Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,
Айталбайм эми, сүйүүмдү деле.
Ак жоолугуңду сыйлап жеңеке,
Алыс жүрөйүн, аттиң ай, жеңе.
Аттиң ай жеңе, аттиң ай, жеңе,
Арманда сыздайм сүбөйсүң неге?
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе.

Категория: Ынак Осмоналиев | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 320 | Теги: Ынак Осмоналиев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: