А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » З » Замир Арыкбаев

Текст песни Замир Арыкбаев - Ашык сезим

Сөздөрүңүз балдай ширин,
Көздөрүңүз карагат.
Карашыңыз өзгөчө,
Жүрөгүмдү жаралап.
Бара жатса айдай жүзүң,
Ак булутту аралап.
Кандай сонун керемет,
Кандай сонун жарашат.
Желбиреген ак көйнөгүң,
Тоо гүлүндөй жайнаган.
Сага деген сезимим,
Мөлтүр суудай кайнаган.
Узун чачың оролушуп,
Жан дүйнөмдү байлаган.
Каштарыңыз капкара,
Карегиңден айланам.

Кайырма:

Өзүңө мен ашык,
Кызгалдактуу гүл ашык.
Жымыңдатып көздөрүн,
Жылдыз жанган түн ашык.
Өзүңө мен ашык,
Суу да ашык, жел ашык.
Топ жигиттер баарысы,
Досум ашык, мен ашык.

Ысык-Көлдүн толкунундай,
Басканыңыз көйкөлүп.
Кымча белиң кыйнады,
Бара жатсаң жайкалып.
Татынакай бир өзүңдү,
Табигат да айланып.
Аалам токтоп калгандай,
Кирпигиңе байланып.

Кайырма:

Категория: Замир Арыкбаев | Добавил: Админ (24.01.2018)
Просмотров: 335 | Теги: Замир Арыкбаев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: