А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » З » Замир Арыкбаев

Текст песни Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев "Дүрдана"

Ой, жароокер Дүрдана,
Шыңгыр күмүш үн гана.
Булбул сайрап узаткан,
Сүттөй аппак түн гана.
Сүйгөнүм деп сүйлөсөм,
Жымың эттиң тим гана.

Ой, кара көз Дүрдана,
Шайыр, жумшак үн кана?
Булбул шактан ырдаган,
Мен тапшырган гүл кана?
Кыңырылып кылчайсам,
Кыя бастың тим гана.

Ой, колхозчу Дүрдана,
Кайрылышкан үн кана?
Кат жиберип кайталап,
Жообун алдым бир гана.
Сүйгөнүм деп сөз кылбай,
Иште дедиң тим гана.

О, кубанычым Дүрдана,
Бүт дүйнөдө бир гана.
Теңдеши жок гүлүмсүң,
Сенден артык гүл гана.
Жүрөк сөзүн айтууга,
Тил жетишпейт бир гана.

Категория: Замир Арыкбаев | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 359 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: