А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » З » Замир Арыкбаев

Текст песни Замир Арыкбаев "Таластык кыз"

Көк тиреген тоолоруна тойбодум да,
Сулуулук бар көпкөк шибер тоолорунда.
Мөңгүсүндөй эзилип, эрип кетем,
Таластык кыз, жылмайып койгонуңда,
Койгонуңда...

Кайырма:

Таарынганда кетемин Таласка,
Көпкө жүрөм, урмат-сыйың жарашса.
Окшоштурам, таластык кыз, өзүңдү,
Назданып, назданып,
Назданып, жылдыз учуп баратса.

Тамшанып, токоюна тойбодум да,
Бир сулуусу жашап келет ойлорумда.
Кыялымда жетелешип сени менен,
Шар аккан тунук суусун бойлодум да,
Бойлодум да...

Кайырма:

Сапсалкын абасынан айландым, ай,
Айдай болгон перисине байландым, ай.
Сага жеткен, жетпеген да арманда,
Таластык кыз, арманым, ай,
Арманым, ай, арманым, ай...

Кайырма:

Кымыз ичем Суусамырдын белинен,
Чоң рахмат Суусамырдын элине.
Денем ысып, чыйрыкканым жазылып,
Тез жетемин, таластык кыз, жериңе.

Кайырма:

Категория: Замир Арыкбаев | Добавил: Админ (30.01.2018)
Просмотров: 417 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: