А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » З » Zari

Текст песни Zari "Бактылуу болобуз"

Зарыгып сени күткөнмүн,
Жалгыздыктан кайыл болуп,
Мен баарына.
Үмүтүм такыр үзбөдүм,
Бул дүйнөдө ишенип,
Сенин барыңа.
Дайыма...

Бакытым болуп кезиктиң,
Арзуу толгон, жылдыз конгон,
Күн кечинде.
Ардагым, анда сезипмин,
Ашыктыктын ойгонгонуна сезимдин,
Эсимде...

Кайырма:
Билем баарын жеңесиң,
Билем аны келесиң.
Укпай тагдыр жемесин,
Айдап сүйүү кемесин.
Сүйүүбүз бар жоголгус,
Бирге турмуш жолдобуз.
Бир бутакка конобуз,
Биз бактылуу болобуз,
Дайыма...


Жашоомдо менин жашылдай,
Жан дүйнөмдү,
Жарык кылдың сен баарынан.
Жолубуз биздин жашыл бак,
Ыраазымын,
Табыштырган бул тагдырга,
Дайыма...

Кайырма:

Категория: Zari | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 418 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: