А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » З » Zari

Текст песни Zari "Жалган сүйүү"

Сүйөм дедиң, көзүң айтат калпыңды,
Ойноп айттың, оюң дагы салкынбы?
Буга чейин алдаптырсың көп кызды,
Бул жолкуда бузат окшойм салтыңды.

Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.

Кайырма:

Эркелетпе, эркелетчү сен эмес,
Сөзүң мага тамашадан бир элес.
Колун сунуп чуркагандар толтура,
Ашса ашат, бирок сенден кем эмес.

Жаным дедиң жалган айтып жалдырап,
Билем, бул сөз көп кыздарды азгырат.
Жылуу сөзүң жибитсе да жүрөктү,
Сүйө албайм, сезимимди камчылап.

Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.

Категория: Zari | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 388 | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: