А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Ж » ЖанЭл

Текст песни ЖанЭл "Ак сүйүүм"

Талыкпай күтүп жүргөн тагдырымдын белеги,
Табылып ак сүйүүдөн, таалайыма келгемби?
Карегиң кадалат, жүрөктү турат жаралап,
Көздөрүң карагат, көл болуп толкуйт махабат.

Кайырма:
Жашоодо жалгыз махабатым сага арнадым,
Ак сүйүүмдү сезгин.
Жылмайып карап жанымда болсоңчу, ардагым,
Жаралап жүрөк, жылуу сөзүң менен арбадың.
Мен байланып калдым.
Жашыкпайм эми, сезимиңди сен да арнагын,
Сурабаймын.

Сүрөтүң сенин болду сүйүүмдүн сүйлөмү,
Сүрдөттүң мени, башканы сендей сүйбөдүм.
Ой басып жүдөдүм, ооруду сен деп жүрөгүм,
Уладың үмүтүм, уктай албай күтөмүн күнү-түн.

Кайырма:
Жашоодо жалгыз махабатым сага арнадым,
Ак сүйүүмдү сезгин.
Жылмайып карап жанымда болсоңчу, ардагым,
Жаралап жүрөк, жылуу сөзүң менен арбадың.
Мен байланып калдым.
Жашыкпайм эми, сезимиңди сен да арнагын,
Сурабаймын.

Категория: ЖанЭл | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 426 | Теги: ЖанЭл | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: