А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Ж » ЖанЭл

Текст песни ЖанЭл - Сагынуу

Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да сени ойлоп жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.

Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу турактар.
Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.

Карай берип канча жолу камыктын,
Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың.
Асыл кечим, келчи менин жаныма,
Издей берип бүт денемди талыттың.
Кадимкидей кучак жайчы жалдырап,
Качан болсо мен сен үчүн жарыкмын.

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай-башын.
Мурункудай күтүп турам азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асыл кечим, кайдасың?

Категория: ЖанЭл | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 387 | Теги: ЖанЭл | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: