А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Ж » Жолболду Алыбаев

Текст песни Жолболду Алыбаев - Арзыкан

Арзыкан агарган таңдын нурусуң,
Алайдан гана чыккан сулуусуң.
Кызыгып кыздар таккандай,
Кызыл бир бермет шуруусуң.
Айлыбыз бирге болбогон,
Алыстын жери курусун.
Көңүлүң жумшак саздайсың,
Пейилиң гана келген жаздайсың.
Көйкөлүп басып жүргөнүң,
Көктөгү сүзгөн каздайсың.

Көңүлдөш курбуң мен турсам,
Көңүлсүз кимди тандайсың.
Ак булбул гана конуп сайраган,
Аралаш гана кайың тал болсоң.
Аянбай тартып ийгидей,
Аяка куйган бал болсоң.
Айкалып бирге ойногон,
Айлыбыз жакын жар болсо.

Категория: Жолболду Алыбаев | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 383 | Теги: Жолболду Алыбаев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: