А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Ж » Жумагүл Райымжан кызы

Текст песни Жумагүл Райымжан кызы - Жашоо кызык

Кыялдар канаттуу алып учат,
Тилектер кең пейил жайып кучак.
Тагдырдын сыноосу калчап жатса,
Сабырдуу боло алган баарын утат.

Кайырма:
Турмушуң куралган сыноолор менен,
Жашоодо табышмак суроолор менен.
Таш менен урганды аш менен ур,
Жакшылык кыла бергин чын дилиң менен.

Көз ирмем жашообуз узун сызык,
Бирде ал кайгылуу бирде ал кызык.
Жакшысы жаманы коштоп жүргөн,
Ак кара аралашкан үзүк сызык.

Кайырма:

Бул өмүр биз үчүн сыноо экен,
Тандоону жасайлы жүрөк менен.
Жакшы ой ырыскы билесиңер,
Ар таңды тосолучу ак тилек менен.

Категория: Жумагүл Райымжан кызы | Добавил: Админ (24.01.2018)
Просмотров: 317 | Теги: Жумагүл Райымжан кызы | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: